Кыргыз Республикасынын Пробация департаментинде өткөн ведомстволор аралык жумушчу кеңешменин уландысы катары «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам берүү борборуна баруу уюштурулду.
Иш-чарага Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү катышты.
Борборго баруунун жүрүшүндө мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарга комплекстүү жардам көрсөтүүгө багытталган борбордун ишмердүүлүгү тааныштырылды. Катышуучулар кризистик бөлмөлөр, аялдарды кабыл алуу тартиби, ошондой эле социалдык жана психологиялык колдоо көрсөтүү шарттары менен таанышышты.
Ошондой эле борбордо жашап жаткан аялдардын социалдык адаптациясына байланыштуу мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди. Тактап айтканда, эмгек менен алектенүүгө шарттар түзүлүп, тигүү машиналары орнотулган, бул кызмат алуучуларга практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жана алардын келечекте өз алдынча жашоосуна өбөлгө түзөт.
Борбордун кызматкерлери иштин негизги багыттары, адистердин, анын ичинде психологдордун ишмердүүлүгү, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган аялдарды коштоп жүрүү тууралуу маалымат беришти.
Жолугушуунун алкагында үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга жардам көрсөтүүчү мамлекеттик органдар менен уюмдардын мындан аркы өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле колдоо системасын өркүндөтүү боюнча чаралар талкууланды.
Жыйынтыгында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана жарандардын укуктарын коргоо багытында ведомстволор аралык кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.









