2026-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Пробация департаментинде үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү маселелерине арналган ведомстволор аралык жумушчу кеңешме болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө Пробация департаменти тарабынан укук бузууларды кайталоонун алдын алууга жана укук бузуучулардын жүрүм-турумун өзгөртүүгө багытталган коррекциялык программаларды ишке ашыруу боюнча маалымат берилди. Программаларды ишке ашыруунун жыйынтыктары, ошондой эле мындан аркы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү талап кылган айрым маселелер талкууланды.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, кризистик кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана мамлекеттик органдардын биргелешкен ишин алдыга жылдыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында жарандардын укуктарын коргоого жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга багытталган ведомстволор аралык кызматташууну мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгү белгиленди.