2026-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинде Кытай тилинин эл аралык күнүнө карата «Кытай жазмасы жана иероглификасынын искусствосу жана тарыхы» аттуу эл аралык көргөзмөнүн ачылышы болуп өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Улукбек Карыбек уулу, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин кеңешчи-элчиси Ли Хуа, Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин ректору С.А. Асанов, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин проректору Камчыбек уулу Мырзабек, Нанкин көркөм өнөр университетинин проректору Лю Шаочин катышты.
Көргөзмө Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигине караштуу Тилдик билим берүү жана алмашуу боюнча эл аралык кызматташуу борборунун жетекчилиги алдында Нанкин көркөм өнөр университетинин колдоосу менен уюштурулган. Уюштуруучулар катары Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Конфуций институту чыгышты.
Экспозиция кытай жазмасынын келип чыгышын жана өнүгүшүн чагылдырган 36дан ашык көргөзмө стендден турат. Ошондой эле Тан жана Сун доорлорунун поэзиясы сыяктуу маданий мурастар да сунушталган. Жалпысынан 100гө жакын көркөм плакат коюлуп, алардын бир бөлүгү ачык аянтчага жайгаштырылган.
Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча мэрдин орун басары Виктория Мозгачева иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, Бишкек шаарынын мэриясы маданиятты өнүктүрүүгө жана эл аралык байланыштарды чыңдоого багытталган демилгелерди ар дайым колдоого даяр экенин белгиледи. Ал шаар тургундарын ар түрдүү элдердин маданияты менен тааныштыруу өз ара түшүнүшүүгө, руханий байууга жана достук мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
Иш-чаранын алкагында концерттик программа да уюштурулду.
Көргөзмөнүн өткөрүлүшү Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, академиялык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого жана жаштар арасында кытай тилин жана маданиятын жайылтууга багытталган.
Көргөзмө 2026-жылдын 19-апрелине чейин уланат. Иштөө убактысы: 09:00дөн 18:00гө чейин.















