2026-жылдын 18-апрелинде Бишкек шаарындагы Р. Санатбаев атындагы ОРАБӨМдүн базасында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, СССРдин спорт чебери, грек-рим, эркин күрөш жана сумо боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери Э. Э. Джамангуловдун элесине арналган эл аралык турнирдин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Турнир «Ак Илбирс» ОРАБӨМдүн байгелери үчүн уюштурулду.

Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директорунун орун басары Рустам Алишеров, Кыргыз Республикасынын сумо күрөшү ассоциациясынын президенти Айбек Чекошев, Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хирано Рюити, ошондой эле Э. Э. Джамангуловдун үй-бүлө мүчөлөрү, достору жана кесиптештери катышты.

Катышуучулар Э. Э. Джамангуловдун Кыргыз Республикасында сумо күрөшүн өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгилешип, аны бул спорттун негиздөөчүлөрүнүн бири катары белгилешти. Жаш спортчуларга жогорку жетишкендиктерге  умтуулуга дем күч беришти.

Салтанаттуу бөлүк жогорку деңгээлде өттү. Маданий программада жапон салттуу өнөрүнүн элементтерин камтыган барабанчылардын көркөм көрсөтүүсү, ошондой эле кыргыз улуттук колоритин чагылдырган кылыч менен аткарылган таасирдүү номерлер көрсөтүлдү.

Турнирге Казакстандан келген спортчулар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарынан жана Бишкек шаарынан келген балбандар катышты. Жалпы катышуучулардын саны 110го жакын болду.

Турнирге төмөнкү курактагы спортчулар катышты:
•өспүрүмдөр (U13) — 2013–2016-жылы туулган;
•жаштар (U18) — 2008–2012-жылы туулган.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медаль, диплом жана уюштуруучулар тарабынан даярдалган баалуу белектер менен сыйланышат.

Турнирдин уюштуруучулары — Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти, «Ак Илбирс» ОРАБӨМ, Кыргыз Республикасынын сумо күрөшү ассоциациясы жана Бишкек шаарынын сумо күрөш боюнча федерациясы.