2026-жылдын 18-апрелинде «Алга» спорттук комплексинде «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери арасында ынтымак жана биримдик турниринин ачылыш аземи болуп өттү.
Салтанаттуу ачылышка Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышып, ишкананын жамаатын куттуктады. Өз сөзүндө ал катышуучуларды турнирдин башталышы менен куттуктап, бул иш-чара жөн гана спорттук мелдеш эмес, ошондой эле биримдиктин, өз ара урматтоонун жана командалык духтун маанилүү символу экенин белгиледи.
Шаар башчысы ишкананын кызматкерлеринин күнүмдүк эмгегинин маанисин өзгөчө баса белгилеп, алардын аркасында Бишкек шаары жашылданып, көрктөндүрүлүп, жашоого ыңгайлуу болуп жатканын айтты.
«Алдыда дагы биргелешип ишке ашыра турган көптөгөн жакшы жана пайдалуу иштер бар экенине ишенем», — деп белгилеп, мэр катышуучуларга бекем ден соолук, күч-кубат, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады.
Достук турнири спорттун алты түрү боюнча өткөрүлүүдө: стол тенниси, кичи-футбол, волейбол, дартс, 100 метрге чуркоо жана аркан тартыш.
Иш-чаранын негизги максаты — корпоративдик духту чыңдоо, дене тарбияны өнүктүрүү жана жамаат ичинде жагымдуу атмосфера түзүү.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери эстелик белектер жана ардак грамоталар менен сыйланышат.











