2026-жылдын 8–12-апрель күндөрү Кытай Эл Республикасынын Мэйшань шаарында спорттук аскага чыгуу боюнча Азия чемпионаты болуп өттү.

Мелдешке Азиянын 12 өлкөсүнөн 215 спортчу катышып, эл аралык деңгээлдеги жогорку атаандаштыкты көрсөтүштү.

Бул чемпионатта Бишкек шаарынын атынан С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары чыгышты. Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамында 17 жаштан жогорку 5 спортчу «ылдамдыкка чыгуу» дисциплинасы боюнча күч сынашты.

Мындан тышкары, Улуттук олимпиада комитети аркылуу Кыргызстандын спорттук аскага чыгуу боюнча курама командасы Пляж оюндарына катышууга аккредитация алды. Команданын бардык мүчөлөрү С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары болуп саналат, бул спорттук мектептин жогорку деңгээлдеги даярдыгын далилдейт.

Чемпионаттын уюштуруучулары — Спорттук аскага чыгуу боюнча эл аралык федерация жана Кытайдын альпинизм федерациясы болду.

С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн тарбиялануучуларынын жыйынтыктары («ылдамдыкка чыгуу» дисциплинасы):
* Тян Алина — 30-орун (9,20 сек.);
* Михайлова Алена — 32-орун (13,45 сек.);
* Жидков Илья — 36-орун (6,78 сек.);
* Рузмикин Никита — 39-орун (7,11 сек.);
* Горшков Евгений — 43-орун (10,83 сек.).