Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди жылдын эң маанилүү окуяларынын бири — борбор калаанын 148 жылдыгын бирге белгилөөгө чакырат.
2026-жылдын 29-апрелинде Ала-Тоо аянтында мазмундуу майрамдык программа өтөт. Саат 18:00дө Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын концерти башталып, көрүүчүлөргө жаркын маанай, жандуу музыка жана чыныгы шаардык биримдик сезимин тартуулайт.
Саат 19:00дө аянт ачык асман алдында көркөм бий аянтчасына айланат — профессионалдык жана ышкыбоз хореографиялык жамааттарды бириктирген «ВАЛЬС КЕЧЕСИ» конкурс-фестивалы башталат. Кеченин өзгөчө көркүн бардык каалоочулардын катышуусундагы жалпы вальс бийи ачып, майрамдык жана биримдиктин өзгөчө атмосферасын жаратат.
Майрамдык программа борбордун чыгармачыл жамааттарынын жаркын концерттик номерлери менен улантылып, кеч масштабдуу концерт менен жыйынтыкталат. Бул концерт ар бир катышуучунун эсинде жылуу элестерди калтырат.
Урматтуу шаардыктар жана коноктор! Бул күндүн кубанычын жакындарыңыздар жана досторуңуздар менен бөлүшүп, искусстводон ырахат алып, чоң шаардык майрамдын бир бөлүгү болууга келиңиздер!