2026-жылдын 11–12-апрелинде Ташкент шаарында аскага чыгуу спорту боюнча Өзбекстан чемпионаты болуп өттү.
Мелдеш эки багыт боюнча өткөрүлдү: ылдамдыкка чыгуу жана татаалдыкка чыгуу. Турнирге Өзбекстан жана Кыргызстан өлкөлөрүнөн жалпы 79 спортчу катышты.
Кыргызстанды бул мелдеште С.Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары (альпинизм бөлүмү) өкүлчүлүк кылып, эки дисциплина боюнча тең жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, байгелүү орундарды ээлешти.
Мелдештин уюштуруучусу — Өзбекстандын альпинизм жана аскага чыгуу боюнча федерациясы (ОAQF) болду.
Кыргызстандык спортчулардын жыйынтыгы:
Ылдамдыкка чыгуу:
•Лазарев Демид — 3-орун (11–12 жаштагы кичи өспүрүмдөр);
•Сергеев Сергей — 1-орун (13–14 жаштагы өспүрүмдөр).
Татаалдыкка чыгуу:
•Лазарев Демид — 4-орун (11–12 жаштагы кичи өспүрүмдөр);
•Сергеев Сергей — 2-орун (13–14 жаштагы өспүрүмдөр).



