"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы Л.Толстой жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө.

2026-жылга карата өндүрүштүк программага ылайык, аталган тилкеде темир жол алдынан өткөн жылуулук тармактарын кайра төшөө иштери аткарылууда.

Долбоордун алкагында жалпы узундугу 90 метр, диаметри 500 мм болгон түтүктөр алмаштырылууда. Түтүктөрдү алмаштыруу иштери атайын технологияны колдонуу менен, тактап айтканда рельстик камсыздандыруучу пакеттерди орнотуу аркылуу жүргүзүлүүдө. Аталган технология темир жол каттамдарын токтотпостон, бардык коопсуздук талаптарын сактоо менен курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Пландашытырылган иш-чараларды аткаруу шаардын жылуулук менен камсыздоо системасынын ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатууга, ошондой эле алдыдагы жылытуу мезгилдеринде керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылууга багытталган.