Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын адистери бир жумадан бери муниципалдык менчикте комплекстүү тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Тактап айтканда, П.Лумумбы көчөсүнүн бир бөлүгүндө жана Кудайберген базарынын аймагында туш келди жайгаштырылган сырткы жарнамаларды алып салуу боюнча рейддер жүрүп жатат.
Андан тышкары, ШКУ саммитине даярдык көрүү максатында Киев көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган жарнамалык конструкциялар демонтаждалууда.
Мэриянын комиссиясынын чечими менен П. Лумумбы жана Шаттык көчөлөрүнүн кесилишинде алты жеңил конструкция (ЖТК) ыктыярдуу түрдө демонтаждалды.
Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы муниципалдык менчикти тазалоо жана шаарды тартипке келтирүү боюнча ишин улантууда.










