2026-жылдын 5–13-апрель күндөрү Гранада шаарында (Испания) чоңдор арасында ок атуу боюнча Дүйнө кубогу болуп өттү.

Мелдешке 52 өлкөдөн 400дөн ашуун спортчу катышып, турнирдин жогорку деңгээлин жана эл аралык аренадагы маанилүүлүгүн дагы бир ирет тастыктады.

Кыргызстандын улуттук курамасынын курамында беш спортчу чыкты. Алардын арасында С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары да борбор калаанын ок атуу мектебин татыктуу көрсөтүштү.

Спортчу кыздар ВП-60 (10m Air Rifle Women) машыгуусунда күч сынашты — 4,5 мм калибрдеги пневматикалык мылтык менен 10 метр аралыкка ок атуу. Бул дисциплинада жалпысынан 91 спортчу катышты.

Турнирге катышуунун негизги максаттары — спорттук чеберчиликти жогорулатуу, эл аралык тажрыйба топтоо, ири мелдештерге даярдык көрүү жана кыргызстандык спортчулардын дүйнөлүк аренадагы ордун бекемдөө болду.

Мелдештин уюштуруучусу Эл аралык спорттук ок атуу федерациясы болду.

С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн тарбиялануучуларынын жыйынтыктары:
•Талантбекова Арууке — 25-орун (629,3 упай);
•Эргешова Айжан — 81-орун (622 упай).