2026-жылдын 20-апрелинде Китеп күнүнө арналган Окуунун он күндүгүнүн алкагында кыргыз кино жана театр актрисасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти жана Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Альбина Имашова  №68 А.Осмонов атындагы  жалпы билим берүүчү мектебине барды.

Иш-чаранын жүрүшүндө 6- «Д» классынын окуучуларына "Туура жолду тандаган бала" аңгемесин окуп берди.

Жолугушуунун негизги максаты окуучулардын окууга болгон кызыгуусун арттыруу, ошондой эле улууларды урматтоону, ата-энелерди сыйлоону, биримдик менен ынтымактын баалуулугун маанилүү сапат катары баалоого, патриотизмди, жашоодо туура тандоо жасоо жөндөмүн өнүктүрүүгө жана аларды кыргыз авторлорунун чыгармалары менен тааныштырууга багытталган.

Окуудан кийин окуучулар активдүү суроолорду берип,  таасирлери жана ой жүгүртүүлөрү менен бөлүшүштү. Бардык суроолорго кеңири жана жооптор берилди.

Иш-чара жылуу жана достук маанайда өтүп, жаш муун арасында китеп окууну жайылтууга чоң салым кошту.