2026-жылдын 15–19-апрель күндөрү Ош шаарында (Ош облусу) жаштар арасында оор атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги болуп өттү.
Мелдеште Бишкек шаарын оор атлетика боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары катышып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана мыкты жыйынтыктарын көрсөтүштү.
Жалпысынан ОРАБӨМдөн 15 спортчу катышып, 11 медалга ээ болушту: 3 алтын, 2 күмүш жана 6 коло медаль.
1-орунду ээлеген жеңүүчүлөр:
•Байгачева Анисия;
•Женишбек Жамиля;
•Шокиржанов Фарух.
2-орунду ээлеген күмүш байге ээлери:
•Шакирова Анара;
•Жолдошкулов Айтегин.
3-орунду ээлеген коло байге ээлери:
•Молдодосов Арслан;
•Жакыпбеков Темирлан;
•Анарбеков Эрслан;
•Назарбаев Азамат;
•Шакенов Ильгиз;
•Мийназаров Муканбет.


