Бишкек шаарынын мэриясы «Бишкексууканал» МИси тарабынан көрсөтүлүүчү суу менен жабдуу жана суу чыгаруу (канализация) кызматтарына, ошондой эле көп кабаттуу турак үйлөрдүн жалпы пайдалануудагы ички суу түтүк жана канализация тармактарын техникалык тейлөөгө тарифтерди бекитүү жөнүндө токтом долбоорун Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизди.
Бул демилге тарифтерди учурдагы экономикалык шарттарга шайкеш келтирүү жана ишкананын узак мөөнөттүү туруктуу ишин камсыз кылуу зарылдыгына байланыштуу. Колдонуудагы тарифтер бир нече жыл мурда түзүлгөн жана ушул убакыт аралыгында электр энергиясына, материалдарга, инфратүзүмдү тейлөөгө жана системаны өнүктүрүүгө кеткен чыгымдар бир кыйла өстү. Ошондой эле шаар активдүү кеңейип жатат, тармактардагы жүктөм көбөйүүдө, ал эми аларды жаңылоо кошумча салымды талап кылат.
Маанилүү факторлордун бири болуп инфратүзүмдү модернизациялоо, анын ичинде тазалоо курулмаларынын сапатын жакшыртууга жана экологиялык коопсуздукту жогорулатууга багытталган. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан эл аралык долбоорлор эсептелет. Бул долбоорлор системаны акырындык менен жаңылоого, аны заманбап жана ишенимдүү жасоого мүмкүндүк берет.
Макулдашылган базалык тарифтер: суу үчүн - 1 кубометрге 15,73 сом, суу чыгаруу үчүн - 6,80 сом. Ушуну менен бирге керектөөчүлөрдүн ар кандай категориялары үчүн дифференцияланган ыкманы киргизүү, ошондой эле көп батирлүү үйлөрдүн ички тармактарын тейлөө үчүн өзүнчө тариф белгилөө сунушталууда. Мындай ыкма жүктөмдөрдү адилеттүү бөлүштүрүүгө жана системанын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Долбоорду кабыл алуу кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, авариялардын санын азайтууга, үзгүлтүксүз суу менен жабдууну камсыздоого жана шаардык инфратүзүмдү этап-этабы менен жаңылоого шарт түзүлүшүнө жардам берет. Жыйынтыгында шаар тургундары суу менен жабдуу жана канализациянын ишенимдүү жана заманбап системасына ээ болушат.
Токтомдун долбоору Бишкек шаарынын тургундары сунуштар менен таанышуу, шаардык инфратүзүмдүн келечегин талкуулоого катышуусу үчүн коомдук талкууга чыгарылат.