Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинде Свердлов райондук Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистеринин катышуусунда окутуу иш-чарасы өткөрүлдү. Окутуунун максаты кызматкерлердин өзгөчө кырдаалдарда туура аракеттенүүгө даярдыгын жогорулатуу.
Иш-чаранын жүрүшүндө сууда коопсуз жүрүм-турум эрежелери, кырсыктардын алдын алуу чаралары, жабыркагандарга жардам көрсөтүү жана куткаруу ыкмалары түшүндүрүлдү. Өзгөчө өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого, өрттү өчүрүүнүн баштапкы каражаттарын колдонууга, ошондой эле жер титирөө учурундагы аракеттерге жана эвакуация тартибине бурулду.
Мындай окутууларды өткөрүү кызматкерлердин коопсуздук деңгээлин жогорулатууга жана өзгөчө кырдаалдарда ыкчам аракеттенүүгө даярдыгын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.




