Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы Чүй проспектиси, 168 дарегиндеги жаңы имаратка көчтү.
Башкармалыктын бөлүмдөрү экинчи кабатта төмөнкүдөй жайгашкан:
Ижара акысын төлөө бөлүмү — 213 жана 215-кабинеттер;
Рынок жана муниципалдык жерлер департаменти — 216, 218, 233-кабинеттер;
Жеңил типтеги курулуштар бөлүмү — 214 жана 217-кабинеттер;
Муниципалдык менчикти ижарага берүү — 222, 225, 231-кабинеттер;
Менчик документтерди даярдоо жана каттоо бөлүмү — 220 жана 229-кабинеттер.
Урматтуу шаардыктар!
Муниципалдык менчик башкармалыгына келерден мурда, бул маалыматты эске алууңуздарды суранабыз.