2026-жылдын 14–17-апрель күндөрү Шымкент шаарында (Казакстан) Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу В.П. Липинскийдин элесине арналган жеңил атлетика боюнча республикалык мелдеш өттү.
Мелдешке Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандын аймактарынан жалпысынан 310 спортчу катышты.
Кыргызстандын курама командасынын курамында С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн жеңил атлетика бөлүмүнүн 12 тарбиялануучусу чыгып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, жакшы жыйынтыктарга жетишти.
Мелдештин программасына ар кандай аралыктагы чуркоо, тоскоолдуктар менен чуркоо, эстафеталык чуркоо, ошондой эле секирүү түрлөрү киргизилди.
2009–2011-жылы төрөлгөн өспүрүмдөр арасында ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары төмөнкүдөй жыйынтыктарды көрсөтүштү:
100 метрге чуркоо:
•Ширинов Элчин — 1-орун;
•Копенкин Николай — 3-орун;
•Гайбулаев Арслан — 4-орун.
200 метрге чуркоо:
•Копенкин Николай — 2-орун.
400 метрге чуркоо:
•Дунаева Диана — 2-орун;
•Даникеева Айбике — 4-орун;
•Пономарев Максим — 5-орун.
800 метрге чуркоо:
•Казакбаев Айдарбек — 2-орун.
1500 метрге чуркоо:
•Казакбаев Айдарбек — 2-орун.
Эстафеталык чуркоо (кыздар арасында):
•Дунаева Диана — 2-орун;
•Асаналиева Эрика — 2-орун;
•Даникеева Айбике — 2-орун;
•Кенжекулова Асема — 2-орун.
Эстафеталык чуркоо (уландар арасында):
•Ширинов Элчин — 3-орун;
•Темиров Арслан — 3-орун;
•Копенкин Николай — 3-орун;
•Гайбулаев Арслан — 3-орун.
Жыйынтыгында С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн спортчулары жалпы 14 медаль жеңип, эл аралык аренада жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн дагы бир жолу далилдешти.