2026-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарында «Коомдук транспортто ыдык көрсөтүүлөрдүн алдын алуу боюнча маалыматтык-агартуу иштеринин туруктуулугун кантип камсыз кылуу керек?» деген темада тегерек стол өттү. Иш-чара «Peshcom» урбанисттик демилгеси тарабынан «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук уюму менен биргеликте, Борбордук Азиядагы Роза Люксембург фондунун өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурулду.
Тегерек столдун ишине Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын негизги максаты жүргүнчүлөрдүн, айрыкча аялдар менен кыздардын коопсуздугун жогорулатуу боюнча натыйжалуу чараларды талкуулоо, ошондой эле коомдук транспортто ыдык көрсөтүүлөрдүн алдын алууга багытталган маалыматтык-агартуу иштерин өнүктүрүү болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкекте жана аймактагы башка шаарларда коомдук транспортто ыдык көрсөтүүлөрдүн алдын алуу боюнча ишке ашырылган демилгелердин презентациясы сунушталды. Катышуучулар зомбулукка каршы чыдамсыз мамилени калыптандырууга жана коопсуз шаардык чөйрөнү түзүүгө багытталган маалыматтык кампаниялардын жыйынтыктарын талкуулашты.
Өзгөчө көңүл ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүгө, алдын алуу чараларын өркүндөтүүгө, ошондой эле практикалык жооп кайтаруу механизмдерин киргизүүгө бурулду. Тегерек столдун катышуучулары мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коом институттарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча пикирлер жана сунуштар менен бөлүшүштү.
Иш-чаранын жыйынтыгында бардык кызыкдар тараптардын күч-аракетин бириктирүүнүн маанилүүлүгү белгиленип, Бишкек шаарынын тургундары үчүн коопсуз жана жеткиликтүү коомдук транспортту камсыз кылуу, ошондой эле жагымдуу шаардык чөйрөнү калыптандыруу зарылдыгы баса белгиленди.





