2026-жылдын 22-апрелинде Бишкек шаарындагы  №116 орто мектептин базасында №33 «Баластан» мектепке чейинки билим берүү мекемеси менен биргеликте «Кыз – улуттук күзгүсү, улуу жолдун уңгусу» аттуу темада салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик»  Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик»   Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин өкүлдөрү, Свердлов районунун билим берүү башкармалыгынын башчысы, мектеп окуучулары, бала бакчанын тарбиялануучулары жана алардын ата-энелери катышты.

Белгилей кетсек, №116 мектепте окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсүнө  көңүл бурулуп келет. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин жана райондук билим берүү башкармалыгынын пландарына ылайык, маанилүү даталарга карата маданий-тарбиялык жана билим берүү иш-чаралары үзгүлтүксүз уюштурулуп келет. Алардын негизги максаты — адеп-ахлактуу, билимдүү, руханий бай жана мекенчил жаш муунду тарбиялоо.

Иш-чара ата-энелер, балдар, мугалимдер жана тарбиячылар ортосундагы өз ара кызматташууну чыңдоодо натыйжалуу аянтча болуп, улуттук салттарга жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга болгон кызыгууну арттырууга өбөлгө түздү.