2026-жылдын 22-апрелинде Бишкек шаарындагы №75 жалпы билим берүү орто мектептебинин базасында мектеп окуучулары арасында салттуу "Жол кыймылынын жаш инспекторлору – 2026" сынагынын шаардык этабы өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы №60 «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугу багытындагы бөлүмдөрү менен Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин 2025–2026-окуу жылына карата биргелешкен буйругу жана иш-планына ылайык уюштурулду.
Мелдештин негизги максаты - балдардын катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алуу, мектеп окуучуларында жол коопсуздугу боюнча көндүмдөрдү өнүктүрүү, тартипти жана жоопкерчиликти калыптандыруу.
Шаардык этапта райондук баскычта 1-орунду ээлеген №26, №75, №89 жана №95 мектептеринин командалары катышты. Катышуучулар бир катар номинациялар боюнча өз билимдерин жана жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Алардын ичинде: «Саптык кароо», «Жаш тескөөчү», «Болочок айдоочу», «Жол кыймылынын эрежелеринин билермандары», «Агитбригадалардын чыгышы», «Жол эрежелеринин өлкөсү», «Отряддардын видеопрезентациясы» жана «Коопсуз дөңгөлөк» бар.
Калыстар тобунун жыйынтыгы менен байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун — №75 мектеп;
2-орун — №95 мектеп;
3-орун — №26 мектеп;
4-орун — №89 мектеп.
Катышуучулардын ишине ички иштер органдарынын өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу баа берди: Улан Саргашкаев — Бишкек ШИИББнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары; Мирлан Артисбек уулу — тиешелүү бөлүмдүн башчысы; Азат Жузубакунов — улук инспектор.
Жеңүүчүлөр жана катышуучулар Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан даярдалган дипломдор, ыраазычылык каттар жана баалуу белектер менен сыйланышат.
Мындай иш-чараларды өткөрүү балдардын жол кырсыктарына кабылуу тобокелдигин азайтууга, окуучулардын укуктук маданиятын жогорулатууга жана жол кыймылынын эрежелерин сактоого жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга өбөлгө түзөт.










