Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Ауэзов жана Сагынбай Манасчы көчөлөрүндөгү курулуштарды демонтаждоо иштери аяктады.

Жалпысынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында аталган көчөлөрдө 17 чарба жүргүзүүчү субъект, анын ичинде «Малик», «Беш манжа», «Мираж» жана «Рахат» коомдук тамактануу жайлары демонтаждалды.

Ауэзов көчөсүндө кошумча түрдө жалпы узундугу 380 метр болгон темир тосмолор бузулуп, анын натыйжасында болжол менен 6200 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду.

Жүргүзүлүп жаткан иштер шаардык чөйрөнү иретке келтирүүгө, муниципалдык жерлерди бошотууга жана  көрктөндүрүү иштерине шарт түзүүгө багытталган.

Свердлов райондук акимиаты тарабынан бошотулган аймактарда жашылдандыруу иштерин жүргүзүү пландалууда.