2026-жылдын 29-апрелинде Бишкек маанилүү датаны, шаардын негизделгенинин 148 жылдыгын белгилейт. Шаар күнүн белгилөө үчүн борбор калаанын төрт районунда шаардыктарды жана конокторду бириктирген майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.
СВЕРДЛОВ РАЙОНУ:
2026-жылдын 29-апрелинде саат 11:00дө Театральный сейил багында искусство мектептеринин жана балдардын чыгармачылык борборлорунун катышуусунда "Бишкек – кылымдардын гармониясы" аттуу иш-чарасы өтөт.
2026-жылдын 29-апрелинде саат 9:00дө Карагач токоюнда №23 мектептин окуучулары үчүн чуркоо өткөрүлөт.
БИРИНЧИ МАЙ РАЙОНУ:
2026-жылдын 29-апрелинде саат 15:00дө Вефа соода-оюн-зоок борборунда майрамдык концерт өтөт.
2026-жылдын 29-апрелинде саат 17:00дө И.Панфилов атындагы сейил багында "Кечки Бишкек" жана "Келечектин шаары" темаларында мольберт жана асфальтка сүрөт тартуу боюнча мастер-класстар, ошондой эле кийизден жасалган буюмдар боюнча окутуулар өтөт.
ОКТЯБРЬ РАЙОНУ:
2026-жылдын 28-апрелинде саат 17:00дө "Ынтымак-2" паркында Кыргыз Республикасынын эл артисти Курмангазы Азыкбаев жана "Энесай" тобунун катышуусундагы майрамдык концерт өтөт.
ЛЕНИН РАЙОНУ:
2026-жылдын 29-апрелинде саат 11:00дө Фучик сейил багында эстрада ырчыларынын жана фольклор аткаруучуларынын, ошондой эле Балдар чыгармачылык борборлорунун чыгармачыл топторунун катышуусунда майрамдык концерт өтөт. Коноктор үчүн квиллинг, чоподон буюм жасоо, кол өнөрчүлүк, жыгачка сүрөт тартуу, атлас лента менен гүл жасоо жана салттуу "көөкөр" кол өнөрчүлүгү боюнча мастер-класстарына катыша алышат. Ошондой эле "аркан тартыш" жана "тогуз коргоол" сыяктуу улуттук оюндар боюнча мелдештер, эстафеталар жана шахмат турнирлери өткөрүлөт.