Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын алкагында Чоң Чүй каналы (ЧЧК) жээгин көрктөндүрүү боюнча борбордо экологиялык абалды жакшыртууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу чөйрө түзүүгө багытталган комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.
2026-жылдын 21-апрелинде мэрдин орун басары Рамиз Алиев кытайлык инвестор компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө каналдын жээк аймактары текшерилип, «Алга» стадионунун аймагындагыдай көрктөндүрүлгөн үлгүгө окшош заманбап сейил бак зоналарын түзүү үчүн алгачкы пилоттук тилкелер аныкталды.
Ошол эле учурда санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, жээктер бекемделип, коопсуздук деңгээли жогорулатылууда.
Мындан тышкары, катышуучулар «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын питомник чарбасына барышты. Бул жерде 93 миң даана көчөт материалы, анын ичинде бийик өсүүчү дарактар өстүрүлүүдө.
Ишкананын күнөскана комплексинин аймагында 2 миң чарчы метр аянтты камтыган долбоор ишке ашырылган: заманбап күнөскана курулуп, реконструкция жана көрктөндүрүү иштери уланууда.
Долбоордун алкагында компаниялар менен инвестициялык келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Инвесторлорго шаарды жашылдандырууга катышуу жана көчөт материалдарын камсыз кылуу шарты менен жер тилкелери берилиши мүмкүн болгон өнөктөштүк механизми сунушталууда.






















