С. А. Чуйков атындагы Мемориалдык үй-музейде Валерий Руппелдин «Рисунок – Портрет» аттуу көргөзмөсү өттү. Иш-чара шаар күнүнө арналып уюштурулуп, экспозицияда шаар тургундарынын көмүр менен тартылган портреттери сунушталды.
Көргөзмө салттуу сүрөт тартуу ыкмасы менен заманбап технологиялардын, анын ичинде смартфондун чыгармачылык процесстеги айкалышын чагылдырды. Сүрөтчү өз эмгектери аркылуу адамдын ички дүйнөсүн жана заманбап коомдун образын берүүгө умтулат. Байыркы үңкүр сүрөттөрүнөн бүгүнкү күнгө чейин адамдын өзүн билдирүүгө болгон умтулуусу өзгөрбөй келгендиги бул эмгектерде ырааттуу ачылып берилет.
Иш-чарага Бишкек шаардык мемориалдык музейлердин бириккен дирекциясынын директору Арман Момаханова, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмдөрү менен иштөө боюнча башкы адиси Асел Салыбекова, ошондой эле сүрөтчүлөр жана чыгармачыл коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Валерий Руппель 1948-жылы туулган, Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. 1968-жылы Нижний Тагил шаарындагы Урал прикладдык искусство окуу жайын бүтүргөн. Анын эмгектери Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде, Москва Кремлинин музейинде, ошондой эле Швейцария, Германия жана АКШдагы жеке коллекцияларда сакталууда.
Көргөзмө салттуу искусство менен заманбап визуалдык практикаларды бириктирген маанилүү маданий окуя болуп калды.








