2026-жылдын 16–19-апрель күндөрү Бишкек шаарында «Дельфин» ОРАБӨМ тарабынан жаш балдар жана кадеттер арасында шпага фехтование боюнча эл аралык турнир өткөрүлдү.
Мелдешке КМШ өлкөлөрүнөн 100дөн ашык спортчу катышып, бул турнирдин жогорку деңгээлин жана атаандаштык күчүн тастыктады.
Командалык мелдештердин жыйынтыгы боюнча «Дельфин» ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү.
Өспүрүмдөр (уландар арасында):
1-орун — «Дельфин» ОРАБӨМ: Буланов Д., Акылбеков А., Атакозуев А.
2-орун — «Микс» командасы: Дамирбеков А., Раимбеков Б., Токтогулов Б., Кренида К.
3-орун — «Өзбекстан» командасы: Эрмаматов А., Сундуков Ф., Авазбеков Ф., Икрамов И.
3-орун — «Өзбекстан» командасы: Апсетеров Ж., Камалов К., Азизов С., Гофуржанов И.
Кыздар (юниорлор арасында):
1-орун — «Дельфин» ОРАБӨМ: Мурзатаева М., Муталипова Д., Перелюбская М.
2-орун — «Күлүк» ОРАБӨМ: Куралбекова А., Зотова В., Тулубаева Н., Минибева И.
3-орун — «Өзбекстан» командасы: Ойдинова С., Рузбаева Я., Назарова С., Раимкулова Д.
3-орун — «Дельфин» ОРАБӨМ: Маразыкова Д., Султанова С., Илчишина А.







