2026-жылдын 23-апрелинде Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев менен Албаниянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Блерт Кадзадеждин жолугушуусунда болуп өттү.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты, анын ичинде шаарлар аралык байланыштарды түзүү, Бишкек жана Тирана шаарларынын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө мүмкүнчүлүгүнө басым жасалды.
Мэрдин орун басары муниципалитет шаарды башкаруу боюнча тажрыйба алмашуу, ишкердик байланыштарды өнүктүрүү жана инвестициялык ишмердүүлүктү колдоо сыяктуу бир катар багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө ачык экенин баса белгиледи.
Маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоого, өз ара тажрыйба алмашуу жана делегация аркылуу практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумга кол коюу маселесин иштеп чыгууга кызыкдар экенин билдиришти. Бул документ келечекте кызматташууну дагы тереңдетүүгө негиз боло алат.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар бири-бирине конструктивдүү талкуу үчүн ыраазычылык билдиришип, өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү ниеттерин дагы бир жолу тастыкташты.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасы менен Албаниянын шаарларынын ортосунда расмий өнөктөштүк түзүлө элек, бул алардын калыптанышы жана өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.


