2026-жылдын 23-апрелинде Окуу декадасынын алкагында Бишкек шаарындагы №40 орто жалпы билим берүү мектебинде 4-класстын окуучулары үчүн таанып-билүүчү иш-чара уюштурулду.

Жолугушуунун ардактуу коногу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Өмүркан Ашанбаева болуп, ал балдарга «Миллионер баламын» аттуу тарбиялык мааниси бар жомокту окуп берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, конок менен жандуу диалог жүргүзүштү. Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өтүп, балдардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттырууга жана алардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө өбөлгө түздү.

Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар балдардын окуу маданиятын калыптандырууда, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүдө жана китепке болгон сүйүүсүн арттырууда маанилүү роль ойнойт.