Бүгүн, 2026-жылдын 24-апрелинде, Аалы Токомбаев атындагы №24 орто жалпы билим берүү уюмунда "Билим берүүдөгү инновациялар: заманбап ыкмалар жана санариптик куралдар" аттуу VI Билим берүү фестивалы өтүп жатат.
Фестивалдын ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эльвира Сурабалдиева жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Өмүркан Ашанбаева катышты.
Мэр катышуучуларга жемиштүү иш жана пландаштырылган демилгелерин ийгиликтүү ишке ашырууну каалады.
«Бүгүнкү күндө билим берүү жөн гана билим берүү менен чектелбейт. Маалыматка жетүү оңой болгон шартта анын негизги максаты — ой жүгүртүүнү калыптандыруу, жаңы нерселерди жаратуу жөндөмүн өнүктүрүү жана өзгөрүүлөргө ылайыкташуу болуп саналат. Ошондуктан STEM-билим берүү өзгөчө мааниге ээ, ал илимди, технологияны, инженерияны жана математиканы бириктирет. Бул — көйгөйлөрдү көрө билүүнү жана аларды чечүү жөндөмүн калыптандырган жаңы ой жүгүртүүнүн түрү.
Бул ыкмалар борбор калаада практика жүзүндө колдонулуп жатат. Жыл сайын 300-400дөн ашык билим берүү иш-чаралары өткөрүлүп, 150 000ден ашык окуучуга жетип, алардын потенциалын ачууга жардам берет. Биздин максатыбыз - заман менен гана эмес, андан алдыда болуу, ар бир баланын потенциалын ачкан билим берүү системасын түзүү», - деп баса белгиледи мэр.
Иш-чараные жүрүшүндө катышуучулар мектептин негизги билим берүү жана өнүктүрүү иш-чаралары менен таанышып, фестивалдын алкагында уюштурулган тематикалык иш-чараларга катышышты.
Коноктор билим берүү технологияларынын жана мамилелеринин эволюциясын көрсөткөн «Ретро STEM» көргөзмөсүнө күбө болушту.
Катышуучулар ошондой эле «Түрк дүйнөсү: Улуу Алтай» маданий мурасты жайылтууга багытталган көргөзмө презентациясына катышышты.
Андан тышкары, мэр Айбек Джунушалиев "Китеп фабрикасы" илим-технология оюнуна катышты.
Белгилей кетсек, мындай иш-чараларды өткөрүү билим берүү системасында инновациялык тажрыйбаларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт, мектептердин, ата-энелердин жана коомдун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдейт жана борбордогу билим берүү процессинин сапатын жакшыртат.






















