Бишкек шаарынын мэриясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Биринчи Жаштар Дельфы оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө көмөктөшкөн ыктыярчыларды сыйлоо аземи өттү.

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева куттуктоо сөзүн сүйлөп, ыктыярчы котормочуларга жогорку кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана иш-чараны мыкты уюштурууга кошкон олуттуу салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

Ал өз сөзүндө мындай ири эл аралык иш-чарага катышуу ыктыярчылар үчүн баалуу тажрыйба болгонун, аларга жаңы жумуш форматтарын жана иш-чараларды уюштурууну изилдөөгө мүмкүндүк бергенин белгиледи.

«Оюндардын ийгилиги көбүнчө ар бир катышуучунун — кызматкерлерден баштап ыктыярчыларга чейин — координацияланган ишинен көз каранды болгон. Иш-чарадан кийин уюштуруу деңгээли жогору бааланды. Келип чыккан бардык маселелер тез жана натыйжалуу чечилди. «Коноктор шыктанып, ыраазы болуп  кетишти», - деп баса белгиледи Виктория Мозгачева.

Белгилей кетсек, оюнга салым кошкон Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын бир нече окутуучулары жана студенттери Кыргыз Республикасынын Дельфы комитети тарабынан ыраазычылык каттары менен сыйланышты.