Бишкек шаарында, Ленин  районунун прокуратурасы акимчиликте  үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча ведомстволор аралык жыйын уюштурду.

Иш-чарага укук коргоо органдарынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Жыйында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча учурдагы чаралар талкууланды.Айрыкча, зомбулук жасаган адамдарды жүрүм-турумун өзгөртүүгө багытталган коррекциялык программалардан өткөрүү маселелери жана бул багыттагы көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурулду.

Баяндама менен райондук прокуратуранын, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын, пробация органынын, социалдык өнүутүрүү, билим берүү башкармалыгынын жана саламаттык сактоо мекемелеринин өкүлдөрү чыгып сүйлөштү. Ошондой эле катышуучуларга бул багыттагы  абалды жана көрүлүп жаткан чараларды чагылдырган атайын даярдалган видеоматериалдар көрсөтүлдү.

Ленин районунун башчысы Тариел Айтиев жана райондук прокурор Алайбек Мамыров жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, көрүлүп жаткан чаралар жетишсиз бойдон калууда деп белгилешти. Алдын алуу иштерин күчөтүү, ведомстволор аралык кызматташтыкты жакшыртуу жана укук бузган жарандар үчүн милдеттүү түрдө коррекциялык программаларын камсыз кылуу зарылдыгы баса белгиленди.

Жыйындын соңунда ар бир мамлекеттик орган үчүн конкреттүү милдеттерди белгилеген жана аларды ишке ашыруу мөөнөттөрүн белгилеген протоколдук чечимдер кабыл алынды.