2026-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарындагы №85 мектепте «Көөнөрбөс улуттук нарк — уңгужолу» аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында катышуучуларга көргөзмө уюштурулуп, анда тиричилик буюмдарынан тартып улуттук кийимдерге чейин экспонаттар коюлду. Көргөзмөнүн өзгөчөлүгү — көрсөтүлгөн бардык буюмдар 100 жылдан ашуун тарыхка ээ экендиги болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар жана мугалимдер кыргыз элинин салттуу кудалашуу жөрөлгөсүн сахналаштырып көрсөтүшүп, улуттук каада-салттардын байлыгын жана терең маанисин чагылдырды.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» (Уңгужолу) Доктринасын бекитүү тууралуу Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

Мындай иш-чаралар борбор калаанын бардык билим берүү уюмдарында уюштурулуп, өсүп келе жаткан муунга улуттук маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу жагынан чоң мааниге ээ.