2026-жылдын 20-апрелинен 22-апрелине чейин Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында кадеттер, уландар жана жаштар арасында самбо боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү.

Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышты. Катышуучулар ар кандай салмак категорияларында жогорку деңгээлдеги даярдыкты жана атаандаштыкты көрсөтүштү.

"Ак Илбирс" ОРАБӨМдүн окуучулары турнирде жакшы оюн көрсөтүп, байгелүү орундарды ээлешти:

1-орун:
* Колушева Анастасия (юниорлор арасында, 80 кг салмакта);
* Даниел Жолдошев (кадеттер арасында, 71 кг салмакта);

2-орун:
* Кочконбаева Фатима (юниорлор арасында, 59 кг салмакта);
* Асанкулова Каныкей (юниорлор арасында, 47 кг салмакта);
* Молдоканов Эмир (жаштар арасында, 79 кг салмакта);
* Канатбеков Нурсултан (жаштар арасында, 88 кг салмакта);

3-орун:
* Жайлообеков Данияр (юниорлор арасында).