2026-жылдын 28-апрелинде саат 9:00дөн 00:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелген: Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бельская көчөсү, Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары, ЧЧК жана Саадаев көчөсү.

Анын ичинде: «Красный Строитель»,  «Ак-Тилек», «Көлмө», «Алтын Бешик» жана «Салам Алик» конуштары.

«Северный» суу топтомосунда  диаметри 400 мм болгон бурама тээктерди алмаштыруу боюнча авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу берүү токтотулат.

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт, ишканаларды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Урматтуу шаардыктар! Эскерте кетсек,  "Менин шаарым" тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүлүшү тууралуу эскертмелерди ала аласыз.