2026-жылдын 20–22-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында кичи өспүрүмдөр, өспүрүмдөр, жаштар жана кыздар арасында самбо боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги болуп өттү.
Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан күчтүү спортчулар катышып, жогорку деңгээлдеги атаандаштыкты көрсөтүштү. Спорттун жекеме-жеке түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары мыкты даярдыгын көрсөтүп, бир катар медалдарды жеңип алышты.
Жыйынтыктар:
1-орунду ээлеген жеңүүчүлөр:
•Тобокелова Жибек (50 кг салмакта);
•Эшболотова Адина (59 кг салмакта);
•Мавлянова Нурайым (65 кг салмакта);
•Талайбекова Саниет (72 кг салмакта);
•Темирбеков Азамат (79 кг салмакта);
•Памиров Нурислам (88 кг салмакта);
•Максатов Алмаз (88 кг салмакта, күжүрмөн самбо);
•Ворошилин Никита (98 кг салмакта);
•Жаныбеков Эмир (98 кг салмакта, күжүрмөн самбо);
•Сухинин Илья (+98 кг салмакта).
2-орунду ээлеген спортчулар:
•Касымбаев Талип (98 кг салмакта);
•Абжалиев Ильяс (71 кг салмакта).
3-орунду ээлеген спортчулар:
•Мусакеева Айназик (50 кг салмакта);
•Женчороева Аяна (54 кг салмакта).


