Бишкекте туура эмес токтотулган же ташталган электрсамокаттар боюнча кайрылуу жөнөтүү эми «Менин шаарым» мобилдик тиркемеси аркылуу мүмкүн. Бул тиркеме шаар тургундары менен шаардык кызматтардын жана ижара кызматын көрсөтүүчү компаниялардын ортосунда ыкчам байланыштын негизги куралына айланды.

Кайрылууларды иштеп чыгуу системасына самокаттарды ижарага берүүчү операторлор кошулуп, алар эми жарандардын билдирүүлөрүн түздөн-түз алып, аны ыкчам түрдө карап чыгышат.

Билдирүүлөр геолокация менен катталып, ошондой эле фото жана видео менен коштолушу мүмкүн. Бул көйгөйдүн так жайгашкан жерин аныктоого жана аны тез арада жоюуга мүмкүндүк берет.

Бул чечим төмөнкүлөргө шарт  түзөт:
— кайрылууларды иштеп чыгуу убактысын кыскартуу  
— тротуарларда жана жолдордо тоскоолдуктарды азайтуу  
— жөө жүргүнчүлөрдүн жана жол кыймылынын башка катышуучуларынын коопсуздугун жогорулатуу  

Шаардык чөйрөнү жакшыртуу жана тургундардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иштер уланууда.