«Бишкек жашыл курулуш» МИси борбор калаада бак-дарактарды зыянкечтерден коргоо максатында комплекстүү дары чачуу жүргүзүлөрүн маалымдайт.
Иш-чаралар үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинде башталып, 15-майына чейин уланат. Бул иштер Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти менен биргеликте жүргүзүлөт.
Бак-дарактарды дарылоо негизинен түнкү убакта жүргүзүлөт. Мындай график шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратпоого жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга багытталган.
Чачуу үчүн адамдардын, жаныбарлардын ден соолугуна зыян келтирбеген заманбап, коопсуз препараттар колдонулат.
Ошого карабастан, борбор калаанын тургундарына сактык чараларын көрүү сунушталат жана иш жүрүп жаткан аймактарда убактылуу сейилдөөнү чектеп туруу керек. Айрыкча химиялык заттарга аллергиясы бар адамдар этият болууга тийиш.
«Бишкек жашыл курулуш» МИси шаар тургундарына түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.