2026-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарында Р. Санатбаев атынданы ОРАБӨМдүн базасында 2013–2014-жылдары туулган өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча эл аралык турнирдин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Турнир Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Н. А. Насруллаевдин жаркын элесине арналды жана «Ак Илбирс» ОРАБӨМ тарабынан уюштурулган сыйлыктар үчүн өткөрүлдү.
Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директорунун орун басары Рустам Алишеров катышты.
Мелдешке Казакстан Республикасынан, Чүй облусунун Арашан, Кара-Жыгач айылдарынан, ошондой эле Бишкек шаарынан келген 170ке жакын жаш спортчу катышты.
Турнирдин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери медалдар жана дипломдор менен ал эми 1-орунду ээлеген спортчулар кубоктор менен сыйланышты.
Мелдештин уюштуруучулары Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана «Ак Илбирс» Олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби.






