Бишкек шаарындагы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «ICTEXPO-2026» эл аралык студенттик форуму жыйынтыкталды.

Иш-чарага Кыргызстандын жана Казакстандын жогорку окуу жайларынан 150дөн ашык студент катышты.

Форумдун алкагында катышуучулар заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы өз долбоорлорун жана илимий изилдөөлөрүн сунушташты. Жалпысынан 102 долбоор корголуп, студенттер тажрыйба алмашып, өзүлөрүнүн иштери менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Форумдун жеңүүчүлөрү сертификаттар менен сыйланышты.

Мындан тышкары, иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин Консультативдик кеңешинин төрагасы Данияр Бекишов катышып, департаменттин атынан «Жасалма интеллект» багыты боюнча 2-орунду ээлеген катышуучуга баалуу сыйлык тапшырылды.

Форумдун уюштуруучусу  И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институту.