Бүгүн, 2026-жылдын 26-апрелинде, Адинай сейил багында Business Run 2026 корпоративдик спорттук жарышы өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев катышты.

Иш-чараны ачып жатып, калаа башчысы мындай демилгелердин шаардык чөйрөнү өнүктүрүүдөгү жана бизнес менен коомчулуктун өз ара кызматташуусун чыңдоодогу маанисин белгиледи.

«Мындай иш-чаралар бизнес өкүлдөрүнүн шаар инфраструктурасын, анын ичинде спорт тармагын өнүктүрүүгө кызыгуусу өсүп жатканын көрсөтөт. Жыл сайын катышуучулардын саны көбөйүп, жарыштын масштабы кеңейүүдө. Бардык шаар тургундарын ушундай демилгелерге активдүү катышууга чакырам, шаарды бирге өнүктүрүп, дени сак коом түзөлү», — деп белгиледи мэр.

Жарышка ар кандай тармактардын өкүлдөрү болгон компаниялардын жана уюмдардын командалары катышты. Иш-чаранын негизги максаты корпоративдик спортту өнүктүрүү, дени сак жашоо образын жайылтуу жана командалык духту жана өнөктөштүктү чыңдоо болду.

Жарыштын жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери сыйланды.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте уюштурду.