Бүгүн, 2026-жылдын 26-апрелинде, Ю. Фучик атындагы сейил бакта Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын кесепеттерин жоюу күнүнүн 40 жылдыгына арналган эскерүү митинг-реквием өткөрүлдү.
Иш-чарага Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга катышкан адамдар, баатырлардын үй-бүлөлөрү, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев, ошондой эле «Союз Чернобыль» коомдук бирикмесинин төрагасы Кадырбек Сасыкулов катышты.
Шаар башчысы митингге катышкан бардык адамдарга терең ыраазычылык билдирип, аларга бекем ден соолук, бакубатчылык, жакындарынын камкордугун жана узак өмүр каалады.
«Бүгүн биз жөн гана бир датаны белгилөө үчүн чогулган жокпуз. Бул жерде кырсыкта курман болгондорду эскерүүгө чогулуп олтурабыз. Биз аларды унутпайбыз! Бүгүн биз ошол оор күндөрдө өз өмүрүн тобокелге салып, элдин коопсуздугу үчүн кызмат кылган инсандарды терең урмат менен эскеребиз. Эрдигиңиздерге баш ийип таазим кылабыз. Арабыздан өтүп кеткен мекендештерибиздин жаркын элеси элдин жүрөгүндө түбөлүк сакталат», — деп белгиледи мэр.
Иш-чара эстеликке гүл коюу менен башталып, «Жалгыз аялдын үнү» музыкалык чыгармасы жаңырды. Андан соң каза болгондорду эскерүү үчүн бир мүнөт унчукпай туруу жарыяланып, үч жолу залп менен ок атылды.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү органдарында Чернобыль кырсыгынын кесепеттеринен жабыркаган 263 адам каттоодо турат. Алардын арасында кырсыкка катышуучулардын жесирлери, майыптыгы бар адамдар жана кырсыктын кесепеттерин жоюуга түздөн-түз катышкандар бар.


















