2026-жылдын 11-апрелинен 26-апрелине чейин Бишкек шаарынын Свердлов районундагы конуштардын тургундары арасында жазгы спартакиада өткөрүлдү. Спорттук иш-чаралар «Восток» айылынын спорт аянтчасында башка конуштардын тургундарынын катышуусунда уюштурулду.
Спартакиадага балдар, өспүрүмдөр жана чоңдор катышып, жалпы катышуучулардын саны 684 адамды түздү.
Мелдештин программасына спорттун жети түрү киргизилди:
•кичи-футбол;
•волейбол;
•армрестлинг;
•тогуз коргоол;
•аркан тартыш;
•үч тапан (чүкө);
•балдар арасында жеңил атлетика (эстафета).
Спартакиаданын негизги максаттары — конуштардын тургундарын дени сак жашоо образын жайылтуу, балдарды жана өспүрүмдөрдү спорт менен туруктуу алектенүүгө тартуу, сергек жашоо образын жайылтуу, ошондой эле келечектүү жаш спортчуларды аныктап, аларды шаардагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектептерине тартуу болуп саналат.
Мындан тышкары, иш-чара балдардын жашаган жеринде пайдалуу жана активдүү эс алуусун уюштурууга багытталган.
Мелдештин жыйынтыгында байгелүү орундарды ээлеген командалар дипломдор, медалдар жана тиешелүү даражадагы кубоктор менен сыйланышты.
Спартакиаданын уюштуруучусу - Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти.














