Бишкек шаарынын 148 жылдыгына карата «Диалог» шаардык маданият үйүнүн чоң залында «Сүйүктүү шаарым» аттуу автордук ыр кечеси болуп өттү.

Иш-чарага чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, автордук ырлардын аткаруучулары, акындар, композиторлор жана шаардык чыгармачыл топтор катышты. Кеченин программасында Бишкек шаарына, анын тарыхына жана тургундарына арналган музыкалык, поэтикалык жана хореографиялык номерлер тартууланды.

Иш-чаранын расмий бөлүгүн алып баруучулар Роман Чеснов жана Ольга Чуйкова ачышты.

Ардактуу коноктор катары сахнага Бишкек шаарынын гимнинин авторлору — Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор Сардарбек Жумалиев жана Кыргыз Республикасынын эл акыны Кыялбек Урманбетов чыгышты.

Программанын өзгөчөлүгү  №4 Балдар искусство мектебинин хору тарабынан «Бишкегим» гимни аткарылды.

Концерттик бөлүктө Игорь Черников, Андрей Соколов, Виталий Рыжинский, Лариса Молева, Владимир Коновалов жана башка автор-аткаруучулардын чыгармалары жаңырды.

Хореографиялык номерлерди Татьяна Кибкало жетектеген «Алексис» спорттук-балет бий ансамбли тартуулады. Ошондой эле «Ак куш» адабий-музыкалык клубу да автордук чыгармаларды аткарышты.

Кечээ Игорь Черниковдун «Менин шаарым Бишкек» аттуу финалдык ыры менен жыйынтыкталып, ага бардык катышуучулар кошулушту.

Иш-чара ардактуу коноктордун, коомчулуктун өкүлдөрүнүн жана шаар тургундарынын катышуусунда өтүп, Бишкек шаарынын күнүнө арналган майрамдык иш-чаралардын бир бөлүгү болду.