Бишкек шаарында 18 команданы бириктирген жаш иштеп чыгуучулар, эксперттер жана менторлор катышкан үч күндүк хакатон жыйынтыкталды.
Эки күндүн ичинде катышуучулар долбоорлордун үстүндө иштеп, жаңы идеяларды, өз чечимдерин сунуштап, эксперттик калыстар тобунун алдында коргошту. Хакатон билим алмашуу, практикалык тажрыйба топтоо жана жаштардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн натыйжалуу аянтча болду.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти Эл аралык инновациялык технологиялар университети менен биргеликте уюштурду. Ошондой эле «КОМТЕХНО» колледжи да уюштурууга катышты.
Жыйынтыгында атайын номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Жалпы байге фонду 50 000 сомду түзүп, ар бир номинацияга 10 000 сомдон бөлүндү.
Жеңүүчүлөр:
•EC — «Эң мыкты инновациялык чечим»;
•STRATTON OAKMONT — «Эң мыкты социалдык маанидеги долбоор»;
•Opponents — «Эң мыкты долбоор»;
•FIN BADDIES — «Эң мыкты колдонуучу тажрыйбасы (UX/UI)»;
•LICHTERS — «Келечектүү чечим».
Бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, жеңүүчү командалар тиешелүү номинациялар боюнча дипломдор менен сыйланышты.



