Фос-ду-Игуасу шаарында (Бразилия) 2026-жылдагы бокс боюнча Дүйнө кубогу өтүп, анда спорттун жекеме-жеке күрөш түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучусу Анваржан Ходжиев коло медаль жеңип алды.

50 кг салмак категориясында күч сынашкан спортчу мелдешти ийгиликтүү баштап, Азия чемпионатынын 2026-жылдагы күмүш байге ээси — япониялык мушкер Даичи Иваяны жеңди.

Чейрек финалда Ходжиев Австралиянын өкүлү Омер Изаз менен беттешип, калыстардын (3:2) чечими  менен жеңишке жетти.

Жарым финалда финалга чыгуу үчүн болгон кармашта кыргызстандык спортчу Азербайжандын өкүлү — 2025-жылы Астанада өткөн Дүйнө кубогунун коло байге ээси жана IBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону Субхан Мамедов менен беттешип, калыстардын чечими менен (1:4) жеңилип калды.

Жыйынтыгында Анваржан Ходжиев Дүйнө кубогунун коло медалын багындырып, бул анын эл аралык аренадагы эң жогорку жетишкендиги болуп калды.