2026-жылдын 30-апрелинде саат 10:00дөн 20:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы: Ахунбаев көчөсү – Ташауз көчөсү – Тыналиев көчөсү – Садырбаев көчөсү.
Ичүүчү суунун өчүрүлүшү Д-200 мм болгон суу түтүгүндө авариялык оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.
"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды, тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Урматтуу шаар тургундары! "Менин шаарым" тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүлүшү тууралуу эскертмелерди ала аларыңызды эскертебиз.
