2026-жылдын 1-майында Бишкекте борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш өтөт.

Катышуучулар саат 8:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында чогулушат. Жаш курагына карабастан баары катыша алышат.

Иш-чаранын программасы:
* 8:00 - 8:45 - катышуучуларды каттоо;
* 8:50 - брифинг;
* 9:00 - Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынын маршруту боюнча веложүрүш башталып - Чортеков көчөсү/Жайыл баатыр көчөсүнүн кесилишинен бурулуп - финиш- "Газпром-балдарга"  дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинен аяктайт;
* 9:40 - финиш, катышуучулардын келиши;
* 10:00 - салтанаттуу бөлүк жана концерттик программа.

Иш-чарага байланыштуу, саат 9:00дөн 9:40ка чейин зарылчылыкка байланыштуу  жолдор жарым-жартылай жабылат.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, бул чектөөлөрдү эске алуу менен маршрутуңуздү  алдын ала пландаштырып алыңыз.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык каалоочуларды  жазгы веложарышка катышууга чакырат. Бул жаратылышта убакыт өткөрүү, дени сак жашоо образы, биримдик жана позитив атмосферасынан ырахат алуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.

Маршрут