2026-жылдын 29-апрелинде — Бишкек шаарынын күнүндө фонтандар расмий түрдө иштей баштайт.
Учурда "Тазалык" муниципалдык ишканасы фонтан комплекстерин ишке киргизүүгө даярданып жатат. Буга техникалык жабдууларды текшерүү, фонтандардын табактарын тазалоо жана системаларды суу менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.
Эки күндөн кийин борбор калаанын тургундары жана коноктору төмөнкү фонтан комплекстерине кайрадан суктана алышат:
— Ала-Тоо аянтындагы фонтан;
— Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы фонтан;
— Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы фонтан;
— Ататүрк паркындагы фонтан;
— "Революция күрөшчүлөрүнүн" фонтаны;
— Токтогул көчөсүндөгү фонтан.
"Тазалык" муниципалдык ишканасы шаардын инфраструктурасын жакшыртуу жана борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча ишин улантууда.





