Бишкек шаарында 2026-жылдын 27-апрелинен 3-майына чейин өтүп жаткан U-18 жаштар арасындагы хоккей боюнча Азия кубогунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Турнир Nomad Arena шаардык муз аянтчасында өткөрүлүүдө.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева катышты. Ачылыш аземинин алкагында командалардын парады өтүп, барабанчылар жамаатынын жана музыкалык аткаруучулардын катышуусунда маданий программа тартууланды.
Бул турнир алгачкы жолу өткөрүлүп, Азиянын алты улуттук курама командасын бириктирди: Кыргызстан, Өзбекстан, Монголия, Макао, Индонезия жана Индия.
Мындай эл аралык мелдештерди өткөрүү спортчулардын даярдык деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт. Бүгүнкү күндө кыргыз хоккейчилери жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп, ушул деңгээлдеги мелдештерге активдүү катышып жатышат. Алар жогорку даярдыкты көрсөтүп, өлкөнү эл аралык аренада татыктуу таанытууда.
Азия кубогу хоккей спортунун мындан аркы өнүгүүсү үчүн маанилүү. Анткени турнирдин жеңүүчүсү хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунда катышууга мүмкүнчүлүк алат.








