2026-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев менен Беларусь Республикасынын өнөр жай министринин орун басары Леонид Рыжковскийдин жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Беларусь Республикасынын өнөр жай борборлору менен Бишкек шаарынын ортосундагы аймактар аралык кызматташуу маселелерин талкуулап, өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Коммуналдык техникаларды жеткирүү, шаардык транспортту жана унаа токтотуу инфраструктурасын өнүктүрүү, ошондой эле буга чейин ишке ашырылган чечимдерди пайдалануу боюнча тажрыйба алмашуу перспективаларына өзгөчө көңүл бурулду.
Ошону менен бирге өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү, анын ичинде Бишкекте электр унааларын жана лифт жабдууларын биргелешип өндүрүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү да талкууланды.
Тараптар тажрыйба алмашууну, кызматташтыктын жаңы багыттарын табууга жана өз ара пайдалуу демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташуунун конкреттүү бир багыттарын иштеп чыгуу жана пайда болгон маселелерди тез арада чечүү үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.
Жолугушуунун аягында тараптар конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдиришип, өнөктөштүктү андан ары бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.



