Бишкек шаарында Кыргызстан Эл аралык университетинин базасында шаардык иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө олуттуу салым кошкон студент-ыктыярчыларды сыйлоо аземи болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов катышты. Ошондой эле университеттин өкүлдөрү, анын ичинде Борбордук кампустун деканы жана «Эл аралык туризм» кафедрасынын жетекчилиги катышты.

Шаардык демилгелерди ишке ашырууга активдүү катышканы жана көрсөткөн көмөгү үчүн жоопкерчилиги жогору, демилгелүү жана коомдук активдүүлүгү менен айырмаланган жетекчи жана студент-ыктыярчыларга ыраазычылык каттар тапшырылды.

Жалпысынан 25тен ашык студент ыктыярчылык ишмердүүлүккө активдүү катышканы үчүн сыйланды.

Ыраазычылык каттарга ээ болгон студенттер: Эрикова Акшоола, Абдирашитова Акылай, Джапарова Алтынай, Арсыматова Адина, Атанбекова Айжан, Бейшенгазиева Айайым, Сейтказыева Мирсеида, Суранова Аделя, Сабайалиев Аслан, Акбарали кызы Элмира, Бактыбекова Адина, Акматалиева Айгерим, Максимова Аделина, Аргынбаева Аяна, Номанов Адилет, Тукеева Аэлита, Мырсалиева Жасмин, Камалов Хасанжон, Сражидинов Акматали, Садыкова Камила, Сыдыкова Каныкей, Рысбекова Асема, Бактыбекова Аяна, Пархоменко Илья, Ашимов Урмат, Калиева Рабия жана Алмазбеков Байэл.

Жолугушуунун жүрүшүндө Канатбек Маматов жаштарды коомдук турмушка активдүү тартуунун маанисин белгилеп, студенттер ыктыярчылык кыймылды өнүктүрүүдө жана коомдук маанидеги долбоорлорду ишке ашырууда негизги ролду ойной турганын баса белгиледи.